Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын январь айында 4 млн 484.8 миң даана тоок жумурткасы импорттолгон. Бул маалыматты республиканын Улуттук статистикалык комитетинен билдиришти.
Кыргызстанга жумуртканын басымдуу бөлүгү Казакстандан келет. 2020-жылдын алгачкы айларында Казакстандан 3 млн 325.6 миң даана жумуртка келген.
Ал эми Россиядан Кыргызстанга 1 млн 159.2 миң даана жумуртка импорттолгон.