Казакстанда коронавирус катталган соң соода түйүндөрүндө кезекке тургандар көбөйдү

13.03.2020, 17:30 Акчабар
Казакстанда коронавирус катталган соң соода түйүндөрүндө кезекке тургандар көбөйдү

Күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн баасынын жогорулаганы байкалган жок, дүрбөлөң түшүүгө негиз жок. Бул тууралуу Өкмөттө коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында айтылган.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, азык-түлүк алганга даярданып жатпаганын билдирген.

«Мен төрт баланын атасымын, бирок азык-түлүк камдаган жокмун. Тамак-аш продуктулары жетиштүү болот», - деп билдирген Эркин Асрандиев.

Саламаттык сактоо министрлиги берген маалыматка ылайык, 13-мартка карата республиканын аймагында коронавирустун чыккан учур катталган эмес. 303 киши карантин шартындагы медициналык көзөмөлдө. Жалпысынан бул багытта 1602 орун даярдалган, саны зарылдыкка жараша көбөйтүлөт. Россиялык өнөктөштөр Кыргызстанга коронавирусту аныктоо үчүн кезектеги партияны - 5800 реагент берген.

Ал эми интернет түйүнүндө казакстандыктар азык-түлүктү жапатырмак алып жаткан сүрөт жарыяланды .

Тэги: Казакстан коронавирус кезек

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть