Опубликовано
03.03.2021, 07:302020-жылы Казакстан менен Кыргызстандын биргелешкен соода жүгүртүүсү 796.2 млн долларды түзгөн. Тараптар сооданы 1 млрд долларга чейин жеткирүүнү жана сатылып жаткан товар жана кызматтардын көлөмүн кеңейтүүнү пландашууда. Бул тууралуу Казакстандын өкмөтүнүн сайтында маалымдалат.
[news 30277]
Белгиленгендей, Казакстан Кыргызстандын экономикасына ири инвестор салган өлкөлөрдүн катарына кирет. 2005-жылдан тарта коңшу мамлекет Кыргызстанга 1 млрд долларга жакын инвестиция жумшаган. Казакстанда дээрлик 1.5 миң кыргыз компаниялары иштейт.
«Казакстандын өкмөтү кыргызстандык кесиптештери менен бирге эки тараптуу маселелерди чечүүгө даяр», — деп бидирген Аскар Мамин жолугушууда.
Кошумчалай кетсек, экономикалык кызматташтыкты күчөтүү максатында жакынкы арада өлкөлөрдүн өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны пландаштырылды.