Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

11.05.2020, 08:00

Казакстандын аймагында 11-майдан тарта өзгөчө кырдаал режими токтотулду. Бул тууралуу Tengrinews.kz порталы билдирди.

[news 24042]

29-апрелде өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев өзгөчө кырдаал режимин 11-майдын түнүнө чейин узартуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Муну менен катар, жарлыкка ылайык өзгөчө абал режиминин убактысы аяктады.

Белгиленгендей, Нур-Султан, Алматы шаарларында жана Атырау, Мангистау облустарында карантин 11-майдан кийин дагы сакталып кала берет.

Карантинге байланыштуу иш-чара, той-топурлар өзгөчө кырдаал жокко чыгарылгандан кийин дагы токтотула тургандыгын Касым-Жомарт Токаев буга чейин дагы билдирген.

«Бул коомдун коопсуздугу үчүн өтө маанилүү. Жарандар бара-бара кадимки жашоого кайтат деп ишенем. Бизде узак мөөнөттүү стратегиялык өнүгүү жолу бар», — деп билдирген президент.

Маалыматка ылайык, 10-майга карата Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны 5 миң 90 адамга жеткен. Анын ичинен 1 миң 941 бейтап айыгып, 31 жаран илдеттен каза болгон.


Читать похожее

  • 06.08.2024, 23:42:04
  • 06.08.2024, 22:12:34
  • 28.07.2024, 22:10:13
  • 23.07.2024, 05:02:32