akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    25.09.2020, 04:15

    Казакстанда 2020-жылдын экинчи кварталында кирешеси жашоо минимунан төмөн калктын саны 5.7% чейин өсүп кеткен (2019-жылы — 4.3% түзгөн), бул 2011-жылдан берки эң начар көрүнүш. Бул тууралуу Finprom.kz порталы билдирди.

    [news 27380]

    Басылмадан белгилеп кетишкендей, бул өлкөдөгү экономикалык активдүүлүктүн түшүп кеткендиги менен байлыштуу, андан сырткары «таажыкризистин» жалпыга тийгизген терс таасиринен дагы улам болду.

    2020-жылдын экинчи кварталында Казакстан боюнча жашоо минимунун көлөмү киши башына орто эсеп менен 76.3 $ түзгөн. Жалпысынан жашоо минимунан төмөн киреше тапкан калктын саны 1.1 млн адамды түзгөн. Отчеттук маалда элетте жашаган, аз кирешелүү казакстандыктардын саны - 7.8%, шаар тургундарыныкы — 4.2% түзгөн.

    Аз киреше тапкан калктын саны өлкөнүн бардык региондорунда тең өсүп жатканы байкалууда.

    Үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталында кедейчиликтин көлөмү Түркстанда (12.8%), Түштүк-Казакстанда (7.4%), Жамбыл облусунда (6.9%), Кызыл Ордо облусунда (6.9%), Акмолу облусунда (6.7%) түзгөн. Кедейчиликтин андан дагы төмөн көрсөткүчү Нур-Султан шаарында (1.4%), Караганды облусунда (2.4%) жана Атырау облусунда 3.1% түзгөн.


    Читать похожее

    • 24.09.2020, 22:15:09