Казакстан парламенттик шайлоону 12-августта өткөрөт

12.06.2020, 14:30 Акчабар
Казакстан парламенттик шайлоону 12-августта өткөрөт

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев парламенттин жогорку палатасынын (Сенаттын) депутаттарын шайлоону 12-августта дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду.

12-июнда жарыяланган жарлыкта шайлоо 2020-жылы октябрда жогорку палатанын депутаттарынын ыйгарым укуктарынын конституциялык мөөнөтүнүн аякташына байланыштуу экени белгиленген.

Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирди. Өкмөткө шайлоого даярдык көрүүгө тапшырма берилди.

Сенаттын 47 депутатынын 32си маслихат депутаттары тарабынан тандалат, калганын өлкө президенти дайындайт.

Тэги: Казакстан президент Касым-Жомарт Токаев парламент

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть