Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

12.01.2021, 05:00

«КазТрансОйл» (КТО) Улуттук мунай түтүктөр тармагы, Атырау облусуна электр энергия турукташкан соң, «Өзөн-Атырау-Самара» аркылуу мунай ташууну жандандат. Бул тууралуу компания маалымдады.

[news 27498]

«АО KEGOC, АО «Атырау Жарыкка» электр энергияны берүү токтотулгандан кийин, 10-11-январда «Атырау – Самара» аймагына «Өзөн-Атырау-Самара» магистралдык мунай түтүгү аркылуу мунай жеткирүү токтотулган», – деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Андан сырткары, азыркы учурда «Өзөн-Атырау-Самара» магистралдык мунай түтүгүнүн альтернативдүү жолу иштелип жатат. Электр энергия жеткиликтүү болгон соң, мунайды жеткизүү кайрадан жанданат.

«Атырау – Самара» муна түтүгү Казакстан мунайын экспорттоо боюнча көлөмү жагынан экинчи орунда турат.

Кошумчалай кетсек, 2019-жылы «Атырау – Самара» мунай түтүгү аркылуу 13.3 млн тонна казакстандык мунай эспорттолгон.


Читать похожее

  • 06.08.2024, 23:42:04
  • 06.08.2024, 22:12:34
  • 28.07.2024, 22:10:13
  • 23.07.2024, 05:02:32