akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    07.04.2021, 04:30

    2014-жылдан 2020-жылга чейин Казакстандагы калыбына келтирүүчү энергетикага болгон инвестициянын көлөмү 1.5 млрд долларды түздү. Бул тууралуу «Курсив» порталы жазып чыкты.

    [news 33538]

    Басылмадан белгилешкендей, сумманын үчтөн эки бөлүгү эл аралык инветорлордон тартылган. Инвесторлордун басымдуу бөлүгү каражаттарды күн жана шамал парктарын курууга жумшашат. Анын 85% - калыбына келтирүүчү энергетиканы, 14% - гидроэнергетиканы жана дээрлик 1% - био отун түзөт.

    Калыбына келтирүүчү энергетиканын жалпы баасынын 30% жеке компаниялардын эсебинен каржыланат. Калган 70% узак мөөнөттүү насыя жана эл аралык каржы институттарынан каржыланат.


    Читать похожее