Келерки жылы Балыкчы шаарын өнүктүрүүгө 1 млрд сом бөлүнөт

13.05.2024, 13:20 Акчабар
Келерки жылы Балыкчы шаарын өнүктүрүүгө 1 млрд сом бөлүнөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Балыкчы шаарын өнүктүрүү планын талкуулаган жыйын өткөрдү.

Өнүктүрүү планына ылайык, муниципалдык мейманкананы реконструкциялоо, асфальт-бетон жана темир-бетон заводун куруу, мурдагы ресторандын имаратында 150 орундуу бала бакча куруу, заманбап көркөм сүрөт галереясын, IT китепканасын түзүү, шаардын бир катар көчөлөрүн реконструкциялоо пландалууда.

“Сунушталган план үчүн шаарга 300 млн сом бөлүнөт”.

Мындан тышкары, шаар жетекчилиги оор жүк ташуучу унаалар үчүн муниципалдык хаб ачуу, эс алуу жайларын куруу, бюджеттик уюмдардын кызматкерлери жана калктын социалдык аялуу катмары үчүн үй курууга, ирригациялык жана дренаждык системаларды реконструкциялоого кызыктар.

Ошондой эле, ал келерки жылы Балыкчы шаарын өнүктүрүүгө 1 млрд сом бөлүнөрүн белгилеп, мэрияга шаарды өнүктүрүүнүн 3 жылдык планын даярдоону тапшырды.

Тэги: Балыкчы өнүктүрүү реконструкция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть