Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

10.02.2021, 10:00

2021-жылы январда (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөөлөргө баанын өсүшү 1%ды түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук статистика комитеттен билдиришти.

[news 31516]

Анын маалыматы боюнча, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга баа 1,7%га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки – 0,7%га, азык-түлүк товарларына болгон баа – 0,4%га өскөн, ошол эле учурда элге кызмат көрсөтүү наркы 0,1%га азайган.

«Негизинен жашылчалардын баасы 7,8%га, картошка – 4,7%га, өсүмдүк майы – 3,8%га, сүт азыктары жана жумуртка – 3,5%га кымбаттаган. Ал эми эң жогорку кымбаттоо Нарын жана Баткен облустарында катталды», - деп кошумчалады Турдубаева.


Читать похожее

  • 27.09.2023, 02:40:36
  • 18.04.2022, 01:15:20
  • 06.04.2021, 05:00:24
  • 10.02.2021, 04:00:24