Опубликовано
19.03.2021, 05:15Үстүбүздөгү жылдын январь айында кыргызстандыктар акча которуу системалары аркылуу Казакстанга 5 млн 760 миң доллар (же 2.4 млрд теңге) которушкан. Бул тууралуу Ranking.kz порталы билдирди.
[news 22725]
Казакстанга акча которуу боюнча Кыргызстан топ-5 өлкөлөрдүн катарына кирет. Муну менен катар лидерлик позицияда жалпы көлөмдүн 21.5% ээлеген (4.5 млрд теңге), экинчи орунда — Өзбекстан турат, 3.3 млрд теңге которгон. Ал эми Кыргызстан Түштүк Корея менен АКШнын ортосунда турат.
Басылмадан белгилешкендей, Казакстанга которулган акчалардын көлөмү улам сайын төмөндөөдө. 2021-жылдын январь айында эл аралык акча которуулардын көлөмү 12.7%, 2020-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 12.7% төмөндөгөн.