Опубликовано
23.05.2024, 08:00Соода-өнөр жай палатасы менен Хоргос шаарынын Соода-өнөр жай палатасы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Документте кыргызстандык ишкерлер үчүн Хоргосто көргөзмө павильонун бөлүп берүү, ошондой эле Хоргос шаарында КРнын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгүн ачуу каралган.
Меморандумга ылайык, көргөзмө-жарманкелер, иштиктүү жолугушуулар уюштурулуп, кыргызстандык экспортчуларга товарларын эл аралык соодада ийгиликтүү сатууга көмөктөшүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт. Бул кыргызстандык ишкерлерге рынокторун кеңейтүүгө, жаңы бизнес байланыштарды түзүүгө жана чет элдик инвесторлорду тартууга мүмкүнчүлүк берет.