Кичи бизнес бюджетке дээрлик 1 млрд сом салык төлөгөн

31.08.2020, 16:10 Акчабар
Кичи бизнес бюджетке дээрлик 1 млрд сом салык төлөгөн

Январь айынан тарта июль айына чейин патенттин негизинде иш алып барган ишкерлер 1 млрд 24.5 млн сом салык төлөшкөн. Бул тууралуу республиканын финансы министрлиги маалымдайт.

Каражаттын басымдуу бөлүгү же 915 млн 752.2 миң сом (89.38%) өз каалоосу менен салык төлөгөн патентчилерден, калган 108.7 млн сом - милдеттүү патент салыгынан келип түшкөн.

Баарынан кызыгы, июнь айында патентчилер өткөн жылдын июль айына салыштырмалуу эң көп салык төлөшкөн.

Эске сала кетсек, жакынкы күндөрү Кубатбек Боронов бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынында чакан бизнес 80% чейин калыбына келгенин билдирген.

Тэги: январь патент салык каражат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть