"Гамбург шаарындагы Кыргызстандын экономикасынын күнү" кыргыз-герман бизнес-форумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Алар төмөндөгүлөр:
- Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Германиянын орто бизнес федералдык союзунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен "Sitex Group" ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен "Staff-eye Group" ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен "Intertek GmbH" ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;
- "Дауд АС" жана "Saatenberg GmbH" ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
- "K.S. Solutions" жана "Kocks Consult GmbH, Stegemannstraße" ортосундагы ниеттер жөнүндө меморандум;
- "BT Innovation" жана "Jebsen & Jessen Industrial Solutions Gmb" ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
- "IWEX" жана "W.Hass Future GmbH" компаниялары ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
- Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жашыл электр станциялары ассоциациясы менен «W.Hass Future GmbH» ортосундагы кызматташуу жөнүндө алкактык макулдашуу;
- Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен «Mark Maschinen & Anlagen GmbH» ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- "Кыргыз Винд систем" ачык акционердик коому менен "W.Hass Future" ортосундагы кызматташуу жөнүндө алкактык макулдашуу;
- "Солто Скай Вэй Парк" жана "Josef Wiegand & Co" ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
- "Солто Скай Вэй Парк" жана "KristallTurm" ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум.
Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Германиянын Гамбург шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында, кыргыз-герман бизнес-форумуна жана ишкерлер кеңешинин экинчи отурумуна катышты.