Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

14.04.2022, 10:25

Кыргызстандык жеке ишкерлер Иранга бир топ арзандатуулар менен учуп, жүктөрүн ташый алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Роман Касымов менен ирандык “Varesh Airlines” авиакомпаниянын коммерциялык директору Мохаммад Ходакарами менен жолугушууда айтылды.

Маалыматка караганда, жетишилген макулдашууга ылайык, Палатынын мүчөлөрү үчүн Бишкектен Мешхед шаарына жүк ташуулар дээрлик 2 эсе арзандап, килограммына 2$дын ордуна 1,3$ды түзөт. Мындан тышкары, СӨПүнөн келип жаткан делегация мүчөлөрүнө авиабилеттин баасы ар бир жүргүнчүгө 70$га чейин төмөндөтүлүп, бир тарапка 250$, эки тарапка 410$га теңелет.

Ирандык авиакомпания Мешхед – Бишкек аба каттамын жума сайын аткаруу ниетинде. Буга чейин кыргызстандыктар аталган багыт боюнча айына бир ирет гана жолу уча алчу.

Эске салсак, былтыр Соода-өнөр жай палатасы Иран менен эки тараптуу соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүү үчүн биргелешкен бизнес-комитет түзүү жөнүндө макулдашууну бекиткен.


Читать похожее

  • 25.07.2024, 03:16:31
  • 23.07.2024, 01:00:29
  • 22.07.2024, 22:20:55
  • 03.06.2024, 21:43:34