Опубликовано
30.10.2023, 03:30Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтордун кезектеги жолгушуусу Баткенде өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.
Тараптар чек аранын тактала элек тилкелерин андан ары баяндап жазуу маселелерин талкуулашты. Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн жумушчу топтору калган тилкелер боюнча сүйлөшүүнү Тажикстандын аймагында өтүүчү жолугушууда улантат.
Эске салсак, эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Жалпысынан 664 чакырым боюнча орток пикир бар экени буга чейин кабарланган.