akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    15.04.2020, 11:10

    «Кыргызстан» фракциясынын депутаттары апрель жана май айындагы маяналарынан баш тартты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйында аталган фракциянын депутаты Канатбек Исаев билдирди.

    [news 22738]

    «Апрель жана май айындагы маянадан баш тартып жатабыз. Башка фракцияларда да буга чакырабыз. Өкмөт дагы биздин демилгени колдоп каражатты үнөмдөсөңөр», - деди ал.

    Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясында 18 депутат бар.