Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

29.01.2024, 03:55

Кыргызстанда ушул айдын аягына чейин 128 айыл округу жогорку ылдамдыктагы интернетке туташат.

“Кыргызтелекомдун” маалыматына караганда, Digital CASA долбоорунун экинчи этабынын алкагында Чүй, Талас, Баткен жана Жалал-Абад облустарында иштер ийгиликтүү аяктады.

Учурда зымдар айыл округдарына тартылып, жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырууга даяр.