Опубликовано
16.05.2024, 03:45Кыргызстанда абийирдүү ишкерлердин реестри түзүлүүдө. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Тизмеге ишкерлерди атайын түзүлгөн ведомство аралык комиссия киргизет. Арыздар каалоочулардан кабыл алынууда.
Реестрге кирген ишкер айрым артыкчыларга ээ болот, алсак – салык, бажы кызматтарын кезексиз алат, эл аралык форумдарга акысыз катышат, 3 жылга мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүлөрдөн бошотулат жана насыялоо программаларынын алкагында жеңилдетилген каржылоо алса болот.