Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

08.03.2024, 05:48

2023-жылдын ноябрь айында ишканалар менен мекемелердин изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстан боюнча аялдардын айлыгынын эркектердин айлыгына болгон катышы 73,4%ды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, аялдар менен эркектердин эмгек акысынын деңгээлиндеги айырма гендер боюнча тармактык жумуштуулуктун структурасына байланыштуу.

"Кызматкерлердин жалпы санында 2022-жылы жогорку кесиптик билими бар аялдардын үлүшү 29%ды, эркектердин үлүшү 19%ды, орто кесиптик билими барлардын арасында бул көрсөткүч тиешелүүлүгүнө жараша 17% жана 8%ды түзгөн", - деп айтылат маалыматта.


Читать похожее

  • 20.05.2024, 22:50:14
  • 02.05.2024, 23:31:05
  • 07.03.2024, 23:48:07
  • 06.03.2024, 00:25:25