Опубликовано
09.02.2024, 10:20Кыргызстанда көмүскө экономика ИДПнын 21% түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Белгиленгендей, бейрасмий маалыматтар боюнча бүгүнкү күндө декларацияланбаган мүлктүн 40%га жакыны көмүскө сектордо.
Эскерте кетсек, өлкөнүн экономикасындагы көмүскө жүгүртүүнү кыскартуу жана инвестицияны көбөйтүү максатында 2023-жылдын 6-июнунда президент Садыр Жапаров “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамга кол койгон.