Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

25.02.2021, 07:00

Кыргызстанда Орусиянын бир-эки банкынын өкүлчүлүктөрү ачылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 24-февралда Орусиядагы иш сапарынын алкагында Москвада кыргызстандыктар менен жолугушуусу учурунда айтты.

[news 29475]

Жапаров билдиргендей, бул маселени ал орус президенти Владимир Путин менен талкуулап, оң жооп алды:

«Владимир Владимирович менен сүйлөшкөндө мен ушул маселени көтөрдүм. Кыргызстанга Орусиянын банктарын ачууга сөз берди. Өкмөткө команда берип, банктары жакында ачылат Кыргызстанда, Кудай буюрса. Бул мен көтөргөн маселе болду. Сурандым. Бир-эки банк ачыла турган болду», - деп жооп билдирген Жапаров.

Жапаров менен жолугушууга катышкан кыргызстандыктар Орусиядагы банк карталары менен Кыргызстанга барганда банкоматтан акчасын чыгара албай кыйналарын айтышкан.


Читать похожее