Опубликовано
18.07.2024, 09:40Телефон шылуундары кыргызстандык жарандарга дээрлик 49 млн сомдук материалдык зыян келтирген. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын маалыматтык-техникалык камсыздоо жана IT технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштар менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Акрам Кадыржанов билдирди.
Маалыматка ылайык, телефон шылуундары жарандардын ишеничине кирип, акчаларын уурдашкан.
“Жалпы 48 млн 803 миң сом материалдык зыян келтирилгендиги аныкталды. Бул сумманын 20 млн 658 миң сому жабыркагандарга кайтарылып берилди”, - деди Кадыржанов.