Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

12.08.2024, 07:30

Кыргызстандын үч аэропорту жаңы сатып алынган учактар менен каттамдарды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аба майданынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Жалал-Абад", "Казарман" жана "Кербен" аймактык аэропортторунда күздөн тарта биринчи ички каттамдар пландалып жатат.

Аталган аба майдандарда негизинен учуп-конуу тилкеси толугу менен жаңыртылды.

"Жакын арада башкармалыктын "Асман Эйрлайнс" туунду авиакомпаниясынын учактарынын келиши күтүлүүдө жана биз жергиликтүү багыттарга каттамдарды баштоону пландап жатабыз. КР жарандык авиациясы алгылыктуу өзгөрүүлөрдун алдында турат", - деп айтылат маалыматта.


Читать похожее