Опубликовано
06.10.2023, 03:57Жогорку Кеңеш Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак кырка тоосундагы №354 аты жок мөңгүгө “Шейх Заид бин Султан Аль Нахайян” ысымын (географиялык аталышын) ыйгаруу жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, кабыл алды.
Аталган мыйзам долбоорун Министрлер кабинети демилгелеген.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору Бириккен Араб Эмираттары менен эки тараптуу кызматташууну мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү максатында жана Кыргызстандын мамлекеттик кызыкчылыктарын эске алуу менен иштелип чыккан.
Мындан тышкары, Ак-Шыйрак массивинде жайгашкан №331 аты жок мөңгүгө “Падыша Абдулазиз” ысымын (географиялык аталышын) ыйгаруу жөнүндө мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоор Сауд Арабия менен кызматташууну мындан ары чыңдоо максатында иштелип чыккан.