Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

17.02.2021, 06:45

Кыргызстандан колдонулган автоунаалардын катализаторлорун экспорттоого тыюу салынышы мүмкүн. Мындай сунуш экономика министрлиги тарабынан абанын булганышын азайтуу максатында берилди. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлду.

[news 32490]


Демилгечилер белгилегендей, катализатор адамга зыян келтирүүчү газды жок кылат. Андан сырткары, унаанын бул бөлүгүндө радий, палладий жана платина сыяктуу баалуу металлдар бар. Бул техникага болгон суроо-талаптын жогору болгондугунан унаадан чыгарылып, сатылып жаткан учурлар көп кездешүүдө дешет адистер.

Алсак, жыл сайын колдонулган техникалардын экспортунун көлөмү төмөнкүдөй:

  • 2017-жылы 169.5 миң тонна глушитель жана 1.2 млн $ түтүктөр;
  • 2018-жылы 908 миң $ 33.9 тонна техника;
  • 2019-жылы 1 млн $ техника;
  • 2020-жылдын 11 айында экспорттун колөмү 929.3 миң тоннаны түзүп, 10.1 млн $ жеткен.