akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    16.05.2024, 04:35

    Кыргызстандык окуучулар биология боюнча Борбор Азия (CABO 2024)олимпиадасында бир алтын, үч күмүш жана алты коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

    Алтын медалды Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы лицейдин окуучусу Улукбек Русланбеков алса, күмүш медалга Караколдогу К.Карасаев атындагы лицейдин окуучусу Нурсултан Увалиев, Таластагы "Манас-Ата" лицейинин окуучусу Байзак Карыпжанов, Жалал-Абаддагы Курманбек баатыр атындагы лицейдин окуучусу Умар Эргешов ээ болушту. Ал эми коло медалды Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы лицейдин окуучусу Өмүрбек Русланбеков, Бишкек шаарындагы American-European мектебинин окуучулары Нурбол Акматалиев, Дастан Исаев жана Ирина Разводовская, Жайыл Баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейинен Арсений Виноградов жана Элхан Акимов жеңип алды.

    11-12-майда Казакстандын Алматы шаарында өткөн олимпиадага Борбор Азиядан 78, анын ичинен Кыргызстандан 27 окуучу катышты.


    Читать похожее

    • 14.08.2024, 03:22:52
    • 13.08.2024, 22:28:01
    • 06.08.2024, 22:30:45
    • 05.08.2024, 00:45:15