akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    03.04.2024, 06:27

    Кытайда жакынкы он жылда 50 жаштан 60 жашка чейинки 300 миллионго жакын адам эмгекке жарамдуулугун жоготот. Бул өлкөнүн эң чоң курактык тобу, өлчөмү боюнча Америка Кошмо Штаттарынын калкына дээрлик барабар. Бул тууралуу BBC World Service жазды.

    Бул өлкөдө жаштар жакшы жумуш издеп, ата-энелерин таштап чоң шаарларга кетүүдө. Ал эми улгайгандардын саны көбөйүп, алар өздөрүн багып же мамлекеттик жөлөк пулдарга таянып күн кечирүүдө.

    Кытайдын Илимдер академиясы Пенсиялык фонд 2035-жылга чейин түгөнүшү мүмкүн экендигин белгилеген. Бул эсептөө 2019-жылы, пандемия Кытайдын экономикасына олуттуу сокку урганга чейин жасалган.

    Кытай дагы көптөн бери талкууланып келе жаткан пенсия курагын көтөрүүгө аргасыз болушу мүмкүн. Өлкө дүйнөдөгү эң төмөнкү пенсия курагынын бири – эркектер 60, кара жумушта иштебеген аялдар 55 (white-collar workers) жана кара жумушта иштеген аялдар 50 жашта (blue-collar workers) пенсияга чыгышат.

    Басаңдаган экономика, мамлекеттик жөлөк пулдардын кыскарышы жана ондогон жылдар бою уланып келе жаткан бир бала саясаты Кытайды демографиялык кризиске алып келди.


    Читать похожее

    • 03.04.2024, 00:27:52
    • 23.02.2024, 01:16:29
    • 10.01.2024, 03:35:27
    • 09.08.2021, 00:50:11