«Клексан» кайрадан 8 миң сомдон сатылып жаткандыгы аныкталган

21.07.2020, 11:35 Акчабар
«Клексан» кайрадан 8 миң сомдон сатылып жаткандыгы аныкталган

Калк тарабынан түшкөн кайрылуунун негизинде Каржы полициясы Москва көчөсүндөгү дарыканалардын биринде көзөмөлдүк сатып алуу өткөргөн. «Клексан» каражаты бир пачкасы үчүн 8 миң сомдон сатылып жаткандыгы аныкталган. Бул тууралуу Мамлекеттик экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

«Аталган факт Бирдиктүү кылмыштар жана жоруктар реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Кырдаалга байланыштуу, МЭККК бузуулар аныкталган дарыканалардын толук аталыштарын жана сатуучулар менен алып-сатаарлардын өздүктөрүн жарыялалоого мажбур болот. Эл кырдаалдан колдонуп, элдин каражатынан мыйзамсыз пайда көрүүгө аракет кылып жаткандарды билүүсү зарыл!»,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, каржы полициясы кабарлагандай, эгерде сиздер каражаттардын баасын негизсиз көтөргөн учурларга туш болсоңуздар, 1955 ишеним телефонуна чалып, же receivefinpol.gov.kg@gmail.com электрондук дарегине билдирүү калтырсаңыз болот.

Жарандардын билдирүүлөрү жана кайрылуулары электрондук түрдө кабыл алынат, (билдирүүдө арыздын ээсинин толук аты-жөнү, жана сатып алууну тастыктаган кассалык чек болушу зарыл).

Тэги: Клексан МЭККК дары-дармек

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть