akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    20.11.2020, 10:20

    Айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Бул үчүн атайын өкмөттүн токтому кабыл алынды.

    [news 30129]

    «Азык-түлүктүн кескин жетишсиздигине жол бербөө жана анын ичинде республиканын калкынын улуттук коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргызстандан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө өкмөттүн токтому кабыл алынды. Аталган чечим өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен кабыл алынган», - деп жазылат маалыматта.


    Бекитилген токтомго ылайык, төмөнкү товарлар экспорттолбойт:

    Товардын аталышы

    ЕАЭБ ТЭИ ТН коду

    1

    Тирүү жылкы

    0101

    2

    Ири мүйүздүү тирүү мал

    0102

    3

    Тирүү койлор жана эчкилер

    0104

    4

    Тирүү үй канаттуулары: тооктор (Gallus domesticus), өрдөктөр, каздар, индейкалар жана куштар

    0105

    5

    Буудай жана меслин

    1001

    6

    Арпа

    1003

    7

    Жүгөрү

    1005

    8

    Күрүч

    1006

    9

    Буудай уну

    1101 00

    10

    Өсүмдүк майы

    1512, 1512 11 990 1 (сафлор майы) кошпогондо

    11

    Кумшекер

    1701 99

    12

    Тоок жумурткасы

    0407 11 000 0,

    0407 21 000 0

    13

    Йоддолгон тамакка салынуучу туз

    2501 00 91

    14

    Тоют (чөп, саман, комбикорм, акшак жана дан эгин тоюту)

    2302ден 1214 90 900 0


    Читать похожее

    • 20.11.2020, 04:20:42