Опубликовано
10.04.2020, 04:00Улуттук банктын башкармасы тарабынан, калктын социалдык аялуу катмарын колдоо максатында 2020-жылдын 9-апрелинде «2020-жылдын 18-мартындагы «COVID-19 пандемиясына байланыштуу финансы-кредит уюмдарынын ишин убактылуу жөнгө салуу эрежелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.
[news 22870]
Кабыл алынган токтомго ылайык, «Элкарт» банктык төлөм карталары аркылуу пенсия жана мамлекеттик жөлөк пул алуучулардан коммерциялык банктар эч кандай комиссия албоого тийиш.
«Кардарлар банктык картадан акча алып жатканда, коммерциялык банктар тарабынан комиссия алынбашы керек. Бул бардык коммерциялык банктарга тиешелүү», — деп билдирди Улуттук банк.