akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Спутник

    Опубликовано

    09.11.2020, 04:18

    Кыргызстандагы коммерциялык банктарда 1 евро - 100 сомдон сатылууда. Азыркы учурда евронун наркы 100.5 - 100.7 сомго жетти жана курсу дагы өсүп жатат. Ал эми доллардын наркы 84.4 сомду түздү.

    [news 29663]

    Андан сырткары, чет элдик валютанын рублга карата курсу жана баасы дагы өсүп жатат. Москва биржасынын маалыматына ылайык, азыркы учурда 1 доллар - 77.7 рубль, евро - 92 рубль менен сатылууда.

    Белгилей кетсек, мунайдын баасы дагы жогорулады. Brent маркасындагы мунайдын бир баррелге болгон баасы 40.5 долларды, WTI — 38.2 долларды түздү.