Компанияларды диний термин менен атоого тыюу салынышы мүмкүн

26.03.2024, 16:36 Акчабар
Компанияларды диний термин менен атоого тыюу салынышы мүмкүн

Компанияларды диний сөздөр жана терминдер менен атоого тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу "Reporter.kg" маалымат агенттиги жазды.

Мыйзам долбоорунун автору депутат Марлен Маматалиев. Демилге айрыкча турак жай жана башка кооперативдер катары түзүлүп, иш жүзүндө каржы пирамидасы катары элге зыян алып келген компанияларга багытталганы белгиленет.

Ага ылайык диний коммерциялык эмес уюмдар жана ислам принциптерине таянып иш алып барган каржы мекемелери гана диний сөздөрдү колдоно алат.

“Өткөн жылы 12 турак жай-курулуш кооперативинин ишине байланыштуу жалпысынан 954 кылмыш иши тергелип, анын 604ү сотко жөнөтүлүп, 168и токтотулган. Алардын ичинен эң белгилүүсү ― “Ихсан Групп ЛТД” коммерциялык эмес турак жай кооперативи. Акыркы эсеп боюнча бул кооператив жарандарга 701 млн сомдук зыян келтирген”, - дейт демилгечи.

Тэги: Ихсан Групп ЛТД каржы пирамидасы компания дин

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть