Корея кыргызстандыктарга виза берүү процессин жандантты

08.02.2021, 17:00 Акчабар
Корея кыргызстандыктарга виза берүү процессин жандантты

Корея кыргызстандыктарга виза берүү процессин жандантты. Бу тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 8-февралынан тарта Кыргызстан Кореяга убактылуу кирүүгө тыюу салынган өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарылды.

Буга байланыштуу 2021-жылдын 8-февралынан тарта кыргызстандыктарга узак мөөнөттөгү (эмгек, студенттик, үй-бүлөлүк) визаларды каттоо жана берүү процесси жанданды.

Белгилүү болгондой, корей тараптын алгылыктуу чечими эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин жана элчиликтеринин жемиштүү ишинин натыйжасы, ошондой эле Кыргызстандагы коронавирус боюнча туруктуу эпидемиологиялык кырдаалга негизделген.

Ошону менен бирге учуп кетүү алдында COVID-19 вирусун аныктоочу ПЦР-тесттин жыйынтыгы болуусу шарт. Анткени Кыргызстандан келген жарандардан коронавирус аныкталган учурда, чектөө чараларын алып салуу чечими кайра каралышы мүмкүн.

Тэги: Корея кыргызстандыктар виза

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть