COVID-19: илдетти жуктургандар бекер дарыланат

27.04.2020, 16:30 Акчабар
COVID-19: илдетти жуктургандар бекер дарыланат

Коронавирус жуктуруп ооруканада дарылгандыгы үчүн бейтаптардан акы алынбайт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева билдирди.

Анын айтымында, дарыланууга кеткен каражаттар Милдеттүү медциналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен саламаттык сактоо уюмуна төлөнүп берилет.

«Обсервацияга алуу мөөнөтү атайын иштелип чыккан алгоритмге ылайык, 3 жана 14 күн деп белгиленген. 3 күнгө обсервацияга алууга 2467 сом каралган, ал эми 14 күн обсервацияга алууга 6 169 сом каралган. Ал эми коронавирус илдетин дарылоо төрт даражага бөлүнөт. Алар – жеңил даражадагы бейтаптар үчүн акы төлөө суммасы 7988 сомду түздү, оорсунун деңгээли орто даражадагы бейтаптар үчүн акы төлөө суммасы 16 370 сомду түздү, оорусунун деңгээли оор даражадагы бейтаптар үчүн акы төлөө суммасы 74 миң 765 сом, оорусунун деңгээли өтө оор даражадагы бейтаптар үчүн акы төлөө суммасы 118 миң 807 сомду түздү» , - деп кошумчалады ал.

Боронбаева белгилегендей, акы төлөөнүн наркын эсептөө төмөнкү чыгымдарды өзүнө камтыйт.

«Алар – дары-дармектер, стационарда болуусу, буга коммуналдык чыгымдар, тамак-аш кирет, медициналык багыттагы буюмдар, жеке коргоонучу каражаттар, изилдөөлөр, анализдер, ошондой эле ошол учурдагы жардам көрсөтүп жаткан медициналык кызматкерлердин кепилденген айлык маяналары», - деди ал.

Фонддун төрайымы билдиргендей, ковид-19 илдети менен ооруган бейтаптарды дарылоо жана алар менен байланышта болгон адамдарга байкоо жүргүзүү менен байланышкан, дарыланып чыккан учурларды эсепке алуу жана каржылоонун ачык-айкындуулугун, негиздүүлүгүн камсыз кылуу үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна тарабынан Атайын дарыланып чыккан учур ковид-19 программалык камсыздоосунун өзүнчө модулу иштелип чыкты. Бүгүн аталган маалыматтык программа реалдуу режимде иштеп жатат.

Тэги: COVID-19 Ковид-19 коронавирус

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть