Коронавирус менен күрөшүү боюнча эсепке 55,8 млн сом түштү

31.03.2020, 17:00 Акчабар
Коронавирус менен күрөшүү боюнча эсепке 55,8 млн сом түштү

Коронавирус менен күрөшүү боюнча административдик эсепке 55,8 млн сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, 30-мартка (саат 17.00) карата Кыргызстандын аймагындагы коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча иш-чаралар үчүн түшкөн ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегерүү үчүн ачылган администрацияланган эсепке жалпысынан 55 млн 767 миң 53 сом акча каражаты түштү.

Эске сала кетсек, 31-мартка карата Кыргызстанда 107 адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Алардын арасынан Жалал-Абад облусунда үчөө айыгып чыккан.

Коронавирустан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген. Саат 20:00-07:00гө чейин коменданттык саат белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана жол кагазы болуш керек.

Тэги: коронавирус эсеп

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть