NASA: Коронавирус экологияга оң таасирин тийгизип, Кытайдагы абанын булгануусун төмөндөттү

31.03.2020, 09:30 Акчабар
NASA: Коронавирус экологияга оң таасирин тийгизип, Кытайдагы абанын булгануусун төмөндөттү

Коронавирус Кытайдагы абанын булгануусун төмөндөттү. Мындай күтүүсүз ачылышты NASA билдирди. Аталган билдирүүнү спутниктен тартылган сүрөттөр тастыктайт, анда абадагы азоттун диоксиди азайгандыгын көрүүгө болот.

Бул тууралуу билдирүүнү NASA агенттиги 1-мартта тараткан. Азот диоксидин негизинен автоунаалар, электр станциялары жана өндүрүш объектилери бөлүп чыгарат. NASAнын окумуштууларынын айтымында, аба адегенде эпидемиянын чордону болуп саналган Ухан шаарында бир топ тазаргандыгы байкалган, кийинчерээк февраль айында бул тенденция Кытайдын башка аймактарына дагы тараган.

Агенттик белгилегендей, миллиондогон адам карантинге алынган жана мындай акция адамзат тарыхында биринчи жолу болууда.

«Мен азоттун диоксидинин көлөмүнүн ушунчалык чоң аянтта ушунчалык деңгээлге түшүүсүн биринчи жолу көрүп жатам»,-деп билдирген NASAга караштуу Годдард космостук учуулар борборундагы абанын сапатын изилдөө бөлүмүнүн адиси Фей Лю.

Абага уулуу заттардын бөлүнүп чыгуусунун олуттуу төмөндөшү 2008-жылкы экономикалык кризис жана Пекиндеги Олимпиада учурунда байкалган. Бирок ал Кытайдын борбор калаасынын аймагында гана байкалып, кийин кирденүүнүн көрсөткүчү кайрадан жогорулаган.

Тэги: коронавирус Кытайдагы аба

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть