Коронавирус жуктурган бир бейтапты дарылоого 3 миң доллар жумшалууда

24.04.2020, 15:45 Акчабар
Коронавирус жуктурган бир бейтапты дарылоого 3 миң доллар жумшалууда

Өзбекстан коронавирус жуктуруп алган ар бир бейтапты дарылоого 32 миллион сумдан (3 миң доллардан ашык) коротуп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алишер Шодмонов билдирди.

Анын айтымында, интенсивдүү терапияда дарыланып жаткан абалы оор бейтаптардын ар бирине болжол менен 64 миллион сумдан (6,3 миң доллар) каражат жумшалууда. Мындан тышкары 14 күндүк карантинге алынган ар бир жаранга 2,4 миллион сум (237 доллар), илдеттен айыгып, реабилитациядан өтүп жаткан ар бир бейтапка 2,8 миллион сум (276 доллар) коротулууда.

Министр коронавирус илдетине чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн 16 миң орун жана 20 миң адамга дары-дармектердин резерви даярдалганын кошумчалады.

Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда 1778 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алардын ичинен жети байтап каза болуп, 563ү айыгып чыкты.

Тэги: Өзбекстан коронавирус бейтап 32 миллион сум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть