Толкунбек Абдыгулов: «Коронавирустан улам даяр продукциянын жетишсиздиги болушу мүмкүн»

25.02.2020, 12:00 Акчабар
Толкунбек Абдыгулов: «Коронавирустан улам даяр продукциянын жетишсиздиги болушу мүмкүн»

Дүйнөлүк бааларга таасир берген нерсе бизге дагы таасирин тийгизет. Бул тууралуу маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

«Даяр продукция кымбатташы мүмкүн, анын жетишсиздиги дагы болушу ыктымал. Ал Кытай коронавирус менен канчалык ийгиликтүү күрөшкөндүгүнөн көз каранды болот»,-деди ал.

Ошондой эле Улуттук банктын жетекчиси 2020-жылдын акырына чейин инфляциянын өсүшү 5 пайызга жетерин жана Кумтөрдү эски албаганда экономиканын реалдуу зөсүшү 2,5 пайызды түзгөндүгүн белгиледи.

«Экономиканын башка тармактары ИДПнын өсүшүнө салым кошууда. Банктык сектордо каржылык бекемдүүлүктүн запасы жеткиликтүү деңгээлде байкалып, ликвиддүүлүктүн ашыктыгы сакталууда. Улуттук банк тарабынан коюлган коридордон сырткаркы коюмдар 5,7 пайызды түзөт»,-деди ал.

Ошондой эле Т. Абдыгулов валюталык рынок туруктуу бойдон калууда деп кошумчалады. «Бул жылы Улуттук банк жалпы суммасы 58,1 млн долларды түзгөн 2 интервенция өткөргөн. Алар рыноктогу толкундоолорду түздөө максатында жүргүзүлгөн»,-деди ал.

Тэги: коронавирус Улуттук банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть