COVID-19 илдетинин жайылуусун алдын алууга 3.3 млрд сом сарпталган

21.07.2020, 15:30 Акчабар
COVID-19 илдетинин жайылуусун алдын алууга 3.3 млрд сом сарпталган

Республикалык бюджеттен коронавирустун жайылышын алдын алууга жалпысынан 3 млрд 309.9 млн сом сарпталган. Бул тууралуу КР Каржы министри Бактыгүл Жеенбаева өзүнүн Фейсбук баракчасында билдирди.

3.3 млрд сомдон багытталган каражаттар:

1. Саламаттык сактоо министрлигине – 488.2 млн сом, анын ичинен:

- компенсациялык төлөмдөр;

- 470.4 млн – медициналык жабдыктарды алууга (ЖДА, кычкылтек концентраторлору), чыгымдык материалдарды алууга, реагенттер жана медициналык багыттаргы жасалгаларды алууга, экспресс жана ПЧР тесттер, дезинфекциялоочу каражаттар, антисептиктер, ошондой эле коронавирус жуктурган медицина кызматкерлерине жана каза болгон медиктердин үй-бүлөлөрүнө өз маалында компенсация төлөөгө сарпталган.

2. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна – 1 млрд сом, анын ичинен:

- компенсациялык төлөмдөр (жыл аягына чейин төлөп берүү күтүлүүдө) – 225.6 млн сом;

- башка чыгымдар – 775.3 млн сом, анын ичинде 300 млн сом индивидуалдык коргонуу каражаттарына, антисептиктерди, дезинфекциялоочу каражаттарын алууга.

3. Күч түзүмдөрүнө – 566.8 млн сом:

- компенсациялык төлөмдөр, анын ичинде ИИМге – 274.6 млн, МКИК – 73.3 млн, ӨКМ – 25.5 млн жана УКМК – 35.6 млн сом;

- башка чыгымдар – 132.6 млн сом (ИКК жана дезинфекциялоочу каражаттарын алууга)

4. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (өзгөчө кырдаалдар үчүн эсебине) обсервациялык зоналапды жабдуулоо жана коронавирус менен күрөшүүдөгү башка чыгымдар үчүн– 208.9 млн сом.

5. Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна – 715.7 млн сом – дан алууга.

6. Тышкы иштер министрлигине – 157.2 млн сом:

- тест-системалары 22.5 млн;

- мигранттарды колдоо- 34.7 млн сом;

Кычкылтек концентраторлору жана пульсоксиметрлер – 50 млн;

Медициналык жабдыктарды, дары-дармектерди жана чыгымдык материалдырн алууга – 50 млн.

7. Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө ИКК, дезинфекциялоочу каражаттарын жана коронавирус менен күрөшүүдө башка чыгымдар үчүн – 27.7 млн сом.

8. Транспорт жана жолдор министрлигине чет элден келген студенттерди ташууга – 1 млн сом.

9. Ветеринария жана санитария боюнча мамлекеттик инспекциясына ИКК жана дезинфекциялоочу каражаттарын алууга – 3.1 млн сом.

10. КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине (жалпы мамлекеттик иш-чаралар жана төлөмдөргө) – 140.4 млн сом колунда жокторду азык-түлүк продукциясы менен камсыздоо боюнча иш-чараларга.

Тэги: коронавирус чыгымдар алдын алуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть