akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    28.09.2020, 04:00

    Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-2024-жылдарга Кыргызcстандын коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегия бекитилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

    [news 28224]

    Жарлыкка ылайык, токтом кылынат:

    — 2021-2024-жылдарга Кыргызстанда коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегия бекитилсин;

    — КР Өкмөтүнө Жогорку Кеңеш жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргелешип Стратегияны ишке ашырууга багытталган ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу сунушталсын;

    — Өкмөткө, Жогорку Сотко, Башкы прокуратурага жана башка мамлекеттик органдарга, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарга Стратегияны ишке ашыруунун алкагында кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилдерге коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын деталдуу пландарын эки жумалык мөөнөттө иштеп чыгуу сунушталсын;

    — Өкмөткө ишке тартылган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан антикоррупциялык пландардын өз убагында жана толук аткарылышын туруктуу негизде координациялоо жана мониторинг жүргүзүп туруу сунушталсын.


    Читать похожее