Опубликовано
01.12.2020, 07:002020-жылдын 1-ноябрына карата кош бойлуулук жана төрөт боюнча, ошондой эле расымдык жөлөкпул алуучулардын жалпы саны 31,7 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
[news 29695]
Маалыматка ылайык, алардын ичинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду алуучулардын саны - 29,2 миң адамды, расымдык жөлөкпул алуучулар – 2,5 миң адамды түзөт.
Министрликтин маалыматы боюнча, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү – 10,1 миң сомду түзгөн. Расымдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү – 3,5 миң сом.
Каржыланган жөлөкпулдардын жалпы суммасы - 304,6 млн сомду түзсө, алардын ичинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга - 295,7 млн сом жана расымдык жөлөкпулга - 8,9 млн сом сарпталган.