Кыргызстанга 1 суткада темир жол жана аба транспорту менен 350 тонна товар кирди

15.09.2020, 15:00 Акчабар
Кыргызстанга 1 суткада темир жол жана аба транспорту менен 350 тонна товар кирди

Импорттоочулар товарларды эсепке алуу пункттары ачылган күндөн берки бир сутканын ичинде темир жол транспорттору аркылуу коммерциялык максат үчүн арналган 65 вагон менен 352 тонна, ал эми аба транспорттору менен – 374 килограмм товар ташып келишкен. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Эскерте кетсек, «Манас», «Ош» эл аралык аэропортторунда, «Бишкек-1», «Аламүдүн», «Кара-Балта» жана «Кара-Суу» темир жол станцияларында Кыргызстанга товарларды ташып келүүдө ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соодалашуунун алкагында товарларды эсепке алуу боюнча пункттар иштей баштаган.

Ушуга байланыштуу, темир жол же аба транспорттору менен товарларды ташып келүүчү импорттоочулар ташып келинген жүктөрүнө болгон документтерин андан ары салык төлөө үчүн товарларды эсепке алуу пунктунан эсепке коюуга милдеттүү.

Учурда Кыргызстанда товарларды эсепке алуу пункттары кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан 4 контролдук-өткөрмө пункттарына жакын жерде, 2 эл аралык аэропортто, 5 темир жол станциясында иштейт.

Пункттар импорттоочулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, Кыргызстандын аймагына импорттоодо товарларды эсепке алуу, аймактык салык органдарына товарларды ташып кирүү фактылары жөнүндө маалыматты онлайн түрүндө берүү максатында иштөөдө.

Тэги: импорт аба транспорттору салык кызматы ЕАЭБ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть
<
×