Кыргызстанда автоунааларга VIN/WMI  коду бериле баштайт

16.09.2020, 13:45 Акчабар
Кыргызстанда автоунааларга VIN/WMI  коду бериле баштайт

Кыргызстанда алгачкы ирет ЖАК«Ками Моторско» эл аралыкVIN/WMI идентификациялык коду берилди. Стандартташтыруу жана метрология борбору белгилүү бир иштерди жүргүзгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн унаа чыгаруучуларга эл аралык идентификациялык кодду (VIN/WMI коду) ыйгаруу укугун алган. Бул тууралуу экономика министрлигинин сайтында маалымдалат.

ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарын ишке ашыруу максатында, ошондой эле ата мекендик өндүрүштү колдоого, өнүктүрүүгө жана ата мекендик бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө маани берүү менен Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору унаа чыгаруучуларга эл аралык идентификациялык кодду (VIN/WMI коду) берүү боюнча кызматтарды өздөштүрүп, көрсөтө баштады.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда «Кыргыз Унаа Курулуш» ЖЧКсы, «Ками Моторс» ААКсы ж.б. сыяктуу компаниялар тарабынан автотранспорт каражаттарын өндүрүү жөнгө салынууда.

Стандартташтыруу жана метрология борбору Эл аралык стандарттарга жана эрежелерге таянып, транспорт каражаттарын даярдоочуларга эл аралык идентификациялык коддорду ыйгаруу эрежелерин иштеп чыгып, бекитти.

Тэги: ЖАК «Ками Моторс» VIN/WMI код

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть