Кыргызстанга чет жерден 20 миңден ашык жаран кайтарылган

07.07.2020, 13:00 Акчабар
Кыргызстанга чет жерден 20 миңден ашык жаран кайтарылган

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанга чет жерден учак жана автобустар менен 20 миң 638 жаран кайтарылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында тышк иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандык жарандар Россия, Түштүк Корея, Сауд Арабиясы, Индия, Бириккен Араб Эмирлиги, Египет, Шри-Ланка, Малайзия, Иран, Индонезия ж.б. мамлекеттерден алынып келген.

«Чет жердеги жарандарды кайтаруу боюнча жумуштар улантылат. Жакын арада Москва, Новосибирск, Екатеринбург, Дубай, Стамбулдан чаттердик каттамдар уюштурулат», - деди ал.

Тэги: пандемия Кыргызстан жаран

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть