Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

28.10.2020, 06:15

Республикадагы медициналык уюмдарда дары-дармек жана шаймандардын запасы 1,5-2 айга жетет. Бул тууралуу коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына бөгөт коюу максатында өткөн Республикалык штабдын отурумунда айтылды.

[news 29048]

Жыйындын алкагында өкмөттүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Улан Маматканов тарабынан өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жакшыртуу үчүн көрүлүп жаткан иш-чараларды күчөтүү, той-топурларды өткөрүүгө тыюу салуу жаатында рейддерди өткөрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо боюнча элге кайрылууларды жасоо, дары-дармек жана медициналык шаймандардын запасы жөнүндө калкка кеңири маалымат жеткирүү талаптары коюлду.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев медициналык уюмдарды дары-дармек, жеке коргонуу каражаттары менен кеңири камсыздоо үчүн тендерлер өткөрүлүп жатканын айтат.

Каратаев COVID-19 оорусун ооздуктоодо мүмкүн болушунча үйдө обочолонуу, жарандардын беткап тагынуусу, адамдардын ортосунда бир метрден кем социалдык аралыкты кармоо, өздүк гигиенаны сактоо маанилүү экенин баса белгиледи.


Читать похожее

  • 28.07.2024, 22:20:09
  • 16.05.2024, 01:51:48
  • 16.05.2024, 00:52:09
  • 16.04.2024, 00:20:53