Кыргызстан жана ЕБ ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланды

26.03.2021, 10:25 Акчабар
Кыргызстан жана ЕБ ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланды

Кечээ, 25-мартта Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы Кызматташтык комитетинин кезектеги 17-жыйыны видеоконференция форматында өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров, Европа Биримдигинин делегациясын Европа тышкы иш-аракеттер кызматынын Россия, Чыгыш өнөктөштүгү, Борбордук Азия жана ЕККУ боюнча башкармалыгынын башчысы Люк Девин жетектешти.

Тараптар өз ара ишенимдүү диалог форматында Комитеттин 2019-жылдагы жолугушуусунун алкагында жана Covid -19 пандемиясын эске алуу менен, Кыргызстан менен Европа Биримдиги ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлдердеги кызматташтыгынын маселелерин талкуулашты. Ошондой эле 2021-жылы Бишкекте өтө турган Европа Биримдиги – Борбордук Азия экономикалык форумун уюштуруунун жана өткөрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Жолугушууда ошондой эле мыйзамдуулук, демократиялык процесстер, жарандык эркиндик, адам укуктары, Кыргызстандын мамлекеттик секторун реформалоо, экология жана курчап турган чөйрөнү коргоо, экономикалык реформалар, сот реформасын ишке ашыруу, 2021-жылы боло турган КР Жогорку Кеңешине шайлоо маселелери, коррупцияга каршы күрөш, соода жана инвестиция боюнча чакан комитетинин 18-жыйынынын жыйынтыктары, Кыргызстан-Европа Биримдиги өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча чакан комитетинин 3-жыйыны башка маселелерди талкуулашты.

Тараптар Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыгынын бардык спектрин өнүктүрүүнүн, анын ичинде Европа Биримдигинин Кыргызстандагы долбоордук жана программалык ишмердүүлүгүнүн алкагында кызматташууну улантуунун зарылдыгын белгилешти.

Тэги: Кыргызстан Европа биримдиги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть