Опубликовано
22.01.2021, 04:00Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы-элчи Эдуар Ауэрди кабыл алды.
[news 31494]
Маалыматка ылайык, жолугушууда 2021-жылга коюлган пландар, ошондой эле кызматташтыктын алкагында боло турган иш-чаралар талкууланды.
Эдуар Ауэр Европа Биримдиги Кыргызстандагы социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө, акыйкат башкарууга, мыйзамдын үстөмдүгүнө жана коррупция менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүүсүң улантат деп белгиледи.
Тараптар эки тараптуу кызматташуунун маселелерин, ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлдеги алдыдагы иш-чараларды талкуулашты.
2021-жылы Бишкекте Европа Биримдиги-Борбор Азия 1-экономикалык форумун уюштуруунун жана өткөрүү керектигин билдиришти.