Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

26.11.2020, 07:00

Кыргызстанда жаңы жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева билдирди.

[news 30319]

«Жаңы жылдык корпоративдик кечелерди өткөрүүгө азырынча тыюу салабыз. Анткени биз жакшы билебиз: мындай корпоративдик кечелерде көп киши топтолот, адамдар жеңил кийинишет, сезондуу грипптин тезирээк жайылып кетишине түрткү болушат. Социалдык дистанция, бет кап режимдери таптакыр сакталбастыгы – белгилүү.
Ошондуктан мен так эле жооп берип коёюн – эч кандай жаңы жылдык кечелер бир да коллективде өткөрүлбөйт. Бул боюнча премьер-министрдин милдетин аткаруучусунун катышуусунда 20-ноябрда болуп өткөн штабда бардык мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга катуу тапшырмалар берилди», - деп билдирди Сурабалдиева.

Белгилей кетсек, майрамдык кечелерди өткөрүүгө салынган тыюу коронавируска байланыштуу.


Читать похожее

  • 26.12.2023, 22:50:27
  • 25.12.2023, 05:42:15
  • 30.11.2023, 01:00:02
  • 28.11.2023, 23:50:01