Кыргызстандагы жумушсуз жарандарга Дүйнөлүк банк жөлөк пул төлөп берет

27.10.2020, 10:30 Акчабар
Кыргызстандагы жумушсуз жарандарга Дүйнөлүк банк жөлөк пул төлөп берет

Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министри жумушсуз жарандарга төлөнүүчү жөлөк пулдун көлөмүн 330 сомдон 900 сомго чейин убактылуу жогорулатат. Бул 2020-жылдын 1-ноябрынан тарта 2021-жылдын 31-апрелине чейинки мөөнөттө берилип турат. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Ведомстводон белгилешкендей, бул пандемиянын кесепетинен улам кабыл алынган. Жөлөк пул Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат. Министрликтин эсептеп чыкканына ылайык, 38.5 миң адамга 250 млн сом керектелет. Кыргызстанда 38 миң жаран жумушсуз катары официалдуу каттоодон өткөн.

Мындан тышкары, мыйзам долбоору жумушсуздук боюнча жөлөк пулду берүүнү убактылуу жөнөкөйлөтүүнү дагы карайт.

Тэги: жөлөк пул дүйнөлүк банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть